Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:53

ФБР башчысы: Орусия АКШнын саясатына кийлигишүүсүн улантууда


Жеймс Коми Сенат комитетиндеги угуу учурунда. Вашингтон, 3-май, 2017-жыл.
Жеймс Коми Сенат комитетиндеги угуу учурунда. Вашингтон, 3-май, 2017-жыл.

ФБР директору Жеймс Коми билдиргендей, Орусия АКШ саясатына кийлигишүүсүн улантууда. Ал ошондой эле Орусиянын "көздөгөндөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн" олуттуу эл аралык коркунуч катары мүнөздөдү.

Коми бул тууралуу 3-майда Сенаттын юридикалык комитетинде көрсөтмө берген учурунда айтты. Комиге АКШнын 2016-жылдагы президенттик шайлоосуна Орусиянын кийлигишүүсү боюнча жүрүп жаткан иликтөөлөргө байланыштуу сенаторлор тарабынан катаал суроолор жолдонду.

АКШнын чалгын өкүлдөрү буга чейин Орусиянын чалгын мекемелерин 2016-жылкы өнөктүккө кийлигишүү менен Демократиялык партиянын компьютердик серверлерин бузуп, партиянын расмий адамдарын электрондук каттарын шардана кылганы үчүн айыптаган.

ФБР Орусиянын бийлик адамдары менен президент Трамптын шайлоо штабынын мүчөлөрү ортосундагы ыктымал байланыштарды иликтөөдө.

Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон да шайлоодо утулганы үчүн Орусияны ачык эле айыптаган. СНН телеканалы менен 2-майдагы маегинде ал "Орусиянын президенти Владимир Путин биздин шайлоого кийлигишкени жана ал мага зыян келтирип, оппонентиме жардам берүү үчүн кийлигишкени да анык",- деп белгиледи.

Кремль мындай айыптоолорду четке кагып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG