Кыргызстандын 11 телеканалы жана жети радиосу спутнике кошулду. Маданият, маалымат жана туризм министринин орунбасары Айнура Темирбекова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, апрелдин этегинен баштап Кыргызстандын каналдары дүйнөнүн 12 мамлекетинде көрсөтүлүүдө.
Кыргызстандын телерадиоканалдарын Франциянын Eutelsat спутниги жеткирүүдө. (SA)