Антонио Гутеррештин басма сөз өкүлү билдиргендей, Сириядагы кыянатчылыктарды басаңдатууну көздөгөн коопсуздук зоналарын түзүүнү кубаттайт, бирок анын жыйынтыгы, сириялыктардын жашоосун жакшырта алар-албасы маанилүү деп санайт.
Сирия боюнча Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасында ага ортомчулук кылган Орусия, Түркия, Иран коопсуздук зоналарын түзүүгө чакырган меморандумга кечээ кол коюшту.
Ага ылайык, быйыл 4-июнга карата коопсуздук зоналары Сириянын борбордук, түндүк, түштүк бөлүктөрүндө түзүлүүсү керек.
Коопсуздук зоналары деп аныкталган аймактарда ок атышуу токтотулуп, алардын үстүнөн учууга тыюу салынып, гуманитардык жардам тез жеткирилүүсүнө, качкындардын кайтуусуна шарт түзүлүүсү зарыл.
Бирок Сириянын куралдуу оппозициясынын топтору бул макулдашууга, башка маселелер менен катар ага Ирандын аралашуусуна каршы чыгышты.
Мындай тынчызданууларга АКШ дагы кошулду.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө “АКШ Сирияда кыянатчылыктарды чындап басаңдатуучу, гуманитардык жардам тоскоолдуксуз келишине жол ачуучу, күчтү “Ислам мамлекети” жана башка террордук топторду жеңүүгө буруучу жана жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууга шарт түзүүчү кандай аракет болбосун колдой турганы” айтылат.
Бирок билдирүүдө АКШда Астана макулдашуусу боюнча али тынчсыздануу бардыгы, өзгөчө “Ирандын Сириядагы ишмердиги кыянатчылыктарды токтотпостон, кайра күчөткөнү, анын Асаддын режимин айныксыз колдогону карапайым сириялыктардын азап тартуусун түбөлүккө калтырганы” да белгиленет.
Сириянын 2011-жылдан берки жарандык согушунда азыркыга чейин 400 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. (UE)