Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 04:44

Кыргызстанда 6-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Суусамырда түнкүсүн 0…-5, күндүз 13…18;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте 6-майда күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус ысык болот.

8-майга чейин жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-128, 132-136 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 222-250- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу), Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон жана Сөөк ашууларында) күрткү болуп, кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.

Ошондой эле сел жүрүү коркунучу сакталууда, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG