Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

Атамбаев: Ардагерлер үчүн колдон келгенин жасадым


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерин куттуктап жатып алар үчүн колунан келген аракетин жасаганын айтты. Ал президент, Куралдуу күчтөрдүн колбашчысы катары алтынчы жолу куттуктап жатканын, беш айдан кийин кыргыз эли жаңы өлкө башчысын шайлап, эмдиги жылы ардагерлерди башка президент, башка колбашчы куттуктарын белгиледи:

- Ишенип койгула, мен ар бириңиздер үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Мисалы, ардагерлерге ай сайын кошумча он миң сомдон төлөйлү десек, бюджетте акча жок эле. Чет элдик спонсорлордон жыл сайын каражат таап жаттык. Төрт жылда 300 миллион сом таптык ардагерлердин стипендиясы үчүн.

Президент ошондой эле азыр өлкөнүн акыбалы башка экенин, Кыргызстан бутка турганын белгиледи.

Улуу Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге жылына бир жолу берилүүчү 15 миң сомдук акчалай жардам төлөнгөнүн 8-майда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Мындан тышкары ардагерлерге ай сайын жеңилдиктердин ордуна деп 7 миң сом, президенттин атынан 10 миң сомдон берилет.

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул согуштун ардагерлеринин жалпы саны 650нүн тегерегинде. Алардын пенсиясынын орточо өлчөму 7 миң сом. (RK)

XS
SM
MD
LG