Жалал-Абадда унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөн деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар Базар-Коргон, Сузак, Токтогул райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан оор жүк ташуучу унаалардын 24 даана аккумуляторун уурдаган деп шектелүүдө.
Көк-Жаңгак шаарынын 27, 19 жана 23 жаштагы тургундары уурулукка шектүү катары камакка алынды.
Кылмыш иши ачылып, дагы башка жабыркагандар барбы же жокпу, териштирилип жатат. (RsK)
Facebook шеринеси