Быйыл экинчи жолу уюштурулуп жаткан фестивалда көкбөрү, тогуз коргоол, жирит (ат үстүнөн найза ыргытуу), күрөш, жаа атуу сыяктуу көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча таймаштар өтөт.
Фестивалдын алкагында Түркиянын аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, сынактар уюштурулган. 43 боз үй тигилген, анын бири Кыргызстандыкы.
Кыргызстандан фестивалга ат үстүндөгү акробаттар тобу да барышкан.
Иш-чара Дүйнө этноспорт конфедерациясынын демөөрчүлүгү алдында өтүп жатат. Бүгүн башталган фестиваль 15-майда аяктайт. (ElB)