Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Атамбаев Кытайдагы форумда сөз сүйлөйт


Алмазбек Атамбаев Бээжинге барган учур. 13-май, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайда өтүп жаткан “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунда бүгүн, 15-майда сөз сүйлөйт. Өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президент мамлекеттер аралык экономикалык кызматташтык темасына токтолот.

14-майда башталган экономикалык форумга 20дан ашуун өлкө лидерлери, 110 мамлекеттин өкүлдөру жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш катышууда. Анда Кытай сунуштаган Жаңы жибек жолу долбоорун ишке ашыруу талкууланып жатат.

Алмазбек Атамбаев Бээжинге 13-майда кеткен.Жекшемби күнү ал жакта Орусия президенти Владимир Путин жана башка кытайлык аткаминерлер менен кезигип, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 16-майда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, анан Бишкекке кайтат. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG