Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:52

Бишкекте "Музейлер түнү" болуп өттү


Иш-чарага 20-майдан 21ине караган түнү борбор калаадагы бир нече музей, китепкана, арт-студиялар катышты.

Саат 18:00-24:00 чейин Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейи, Мануйлованын, Чуйковдун мемориалдык музейлери, Эмен паркындагы ачык асман алдындагы музей, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры, Касымалы Баялинов атындагы китепкана, "Ололо", "Cultura Nomada" жана башка арт-студиялардын эшиктери ачык болуп, көрүүчүлөр үчүн түрдүү программалар тартууланды.

"Музейлер түнү" көрүүчүлөр искусствонун түрлөрүн гана көрбөй, айкелчиликтин сырлары менен таанышып, сүрөт тартып, улуттук кийим-кече, буюм-тайымдардын көргөзмөсүнө да күбө болушту. Ошондой эле каалоочулар рун жазмасы - Орхон-Енисей жазуусун да үйрөнүштү.

Мындай иш-чаралар Эл аралык музей күнүнө карата бир нече жылдан бери уюштурулуп келе жатат.(ZA/ZKo)

XS
SM
MD
LG