Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Эр-Рияд саммитинде террорчулукка каршы күрөшүү контингентин түзүү жарыяланды


Саммиттин катышуучулары. Эр -Рияд, 21-май, 2017-жыл.
Саммиттин катышуучулары. Эр -Рияд, 21-май, 2017-жыл.

Араб-Ислам-АКШ саммитинде Ирактагы жана Сириядагы террорчулукка каршы күрөштү колдоо үчүн аскерий контингент түзүү жарыяланды. Бул тууралуу Эр-Рияддагы эл аралык саммиттин корутунду документинде айтылат.

Элүүдөн ашуун өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары бул демилгени колдоого алышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, аскерий контингенттин курамы 34 миң кишиден турат.

Мындан тышкары "Эр-Рияд декларациясына" ылайык, экстремисттик идеология менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк борбор курулмакчы. Бул борбордун башкы штаб-квартирасы Сауд Арабиянын башкалаасына жайгашат.

Араб-Ислам-АКШ саммитине Кыргызстандан вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган делегация катышууда.

XS
SM
MD
LG