Украинага визасыз катоо режимин киргизүү боюнча Евробиримдиктин чечими шаркеттин расмий журналына 22-майда жарыяланды. Бул деген 20 күндөн кийин - 11-июндан тарта келишим күчүнө кирет дегенди билдирет.
Тиешелүү документке 17-майда Страсбургда Еврбиримдиктин жана Европа кеңешинин өкүлдөрү кол коюшкан. Иш-чарага катышкан Украина президенти Петро Порошенко кол коюу процессин анын эли үчүн тарыхый күн деп атаган.
- Бул Украина жана менин 45 миллиондой калкым үчүн тарыхый күн. Мен ошондой бул Евробиримдик үчүн да тарыхый күн болуп калды деп ишенем. Украина өзүнүн европалык үй-бүлөсүнө кайтып, СССР жана Орусия империясы менен биротоло коштошту.
Келишимге ылайык, Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө Украинанын бардык жарандары биометрикалык паспорттор менен кире алат. Мындай укук орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Луганск жана Донецк облустарынын тургундары жана Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын жашоочуларына да берилет.