Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:03

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жетектеген мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү депутаттардан турган делегацияны 23-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кабыл алып, шаарда аткарылган иштер жана өнүктүрүү программасы менен тааныштырды. Ал эми Балыкчынын мэри сапардын негизги максаты Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашуу экенин айтты.

Балыкчыдан келген делегация Ош шаарын кыдырып, курулуп жаткан социалдык объекттер жана аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышты.

Ош шаары Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги 15 шаар менен достук келишимдин негизинде ар тараптуу кызматташып келет. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG