Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:06

Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы стадионго маркум болгон милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин ысымы ыйгарылды.

Бүгүн кайрадан оңдолгон стадиондун ачылышына жана эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Стадионду оңдоого маркум милиционердин классташтары быйылкы 10 жылдык жолугушууда 250 миң каражат чогултушкан. Мындан сырткары баш байгесине жеңил унаа коюлуп спорттук оюндар уюштурулду.

Милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдубалиев Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында тескөөчү болуп иштеп жүрүп түрмөдөн качкан кылмышкерлерди издөө маалында 2015-жылдын 19-ноябрында алардын огунан каза тапкан.

Былтыр Абдубалиевге "Даңк" медалы ыйгарылган. Быйыл ал тирүү болсо 28 жашка чыкмак. (RsK)

XS
SM
MD
LG