Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Манчестердеги терактка шектелген алтынчы киши кармалды


Британ полициясы маалымдагандай, Блэкли аймагын тинтүү учурунда шектүү аял кармалган. Полициянын өкүлү кылмыштуу топ изделип, жалпы Манчестер боюнча тинтүү жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Британ ички иштер министри Эмбер Радд Манчестердеги теракт боюнча:

- Бул мурдагылардан өзгөчө болду. Жардырууну бир эле киши ишке ашырган жок. Анда бир нече адамдын катышы бар болушу мүмкүн, - деп айтты.

Мурдараак Манчестердин полициясы алтынчы шектүү киши Виганда кармалганын маалымдаган.

22 кишинин өмүрүн алып кеткен жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алган.

"Манчестер арена" концерттик залында жардырууну түпкү теги ливандык 22 жаштагы Салман Абеди уюштурганы айтылган. Шектүүлөрдүн ичинде анын Исмаил аттуу бир тууганы да бар. Ал эми Ливандын Триполи шаарында анын атасы менен бир тууганы да камакка алынганы кабарланууда.

Бул теракттан кийин америкалык поп-жылдыз Ариана Гранде "Коркунучтуу аял" деп аталган дүйнөлүк гастролун токтотконун "Гардиан" басылмасы жазды.

XS
SM
MD
LG