Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Спикер "Интергельпо" кооперативинин ишин улантууну сунуштады


Чыныбай Турсунбеков жана Богуслав Соботка. Чехия. 27-май, 2017-жыл.
Чыныбай Турсунбеков жана Богуслав Соботка. Чехия. 27-май, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 27-майда Прагада Чехиянын премьер-министри Богуслав Соботка менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө тууралуу баарлашты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Турсунбеков Чехиядагы алгачкы расмий иш сапары кыргыз-чех дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүн 25 жылдыгына туура келгенин белгиледи. Ошондой эле парламенттик демократияны, жарандык коомду өнүктүрүүдө Чехия Кыргызстандын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин, 20-кылымда "Интергельпо" кооперативи өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн шарттаганына токтолду:

- Эки элдин достугуна себепкер болгон шериктештиктин ишин улантуу үчүн "Интергельпо 2" долбоорун иштеп чыгып, кызматташтыктын жаңы барагын ачышыбыз керек, - деди Турсунбеков.

Өз кезегинде чех премьери Богуслав Соботка Чехия Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдарлыгын, "Интергельпо 2" долбоору өз өлкөсү үчүн да маанилүү экенин, аны ишке ашыруу жолдорун да аныктап чыгуу керектигин айтты.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Чехиянын товар алмашуусунун көлөмү 2015-жылы 7,3 миллион долларды, 2016-жылы 7,5 миллион долларды түзгөн. Өткөн аптада Прага кыргыз-чех бизнес-форуму өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG