Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) май айындагы рейтингинде Кыргызстандын курама командасы мурдагы айга караганда төрт тепкичке төмөндөп, 132-орунду ээледи. Бул тууралуу федерациянын расмий сайтында жарыяланды. Анда улуттук курама 233 упай менен Вьетнам жана Пуэрто-Риконун командаларынын катарында орун алган.
Рейтингде футболдук кураманын өткөргөн беттештеринин жыйынтыктары эске алынат.
Кыргызстандык футболчулар акыркы жолу март айында Азия кубогуна тандоо оюндарында Макаонун командасы менен беттешип, атаандаштарын 1:0 эсебинде уткан.
Ал эми май айында эч бир команда менен беттешкен жок.
ФИФАнын май айындагы рейтингинде алдыңкы үчилтикти Бразилия, Аргентина жана Германия ээлеген. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 64-орунду, Казакстан 100-орунду жана Тажикстан 137-орунда жайгашкан.