Быйыл август айында Кыргызстанда өтөрү мерчемделген форум, ага даярдык тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Илбирсти сактоо боюнча катчылыктын өкүлдөрү маалымат беришет.
2013-жылы Бишкекте куу илбирсти сактоо боюнча I Эл аралык форум өткөн. Ага илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келген.
Форумда жок болуп бараткан илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери талкууланып, соңунда декларация кабыл алынган. Глобалдык экологиялык фонддун маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин куу илбирс калган. Анын 250-300дөйү Кыргызстанда.(ZKo)