Сенаттын чалгын комитети бүгүн Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча маселеге бүгүн кайрадан кайрылганы жатат.
Федералдык тергөө бюросу ФБР жүргүзүп жаткан иликтөө боюнча Сенат комитетинде аталган мекеменин директорунун милдетин аткаруучу Эндрю МакКабинин, Улуттук чалгын директору Дэн Коутстун, Улуттук коопсуздук агенттигинин директору Майк Рожерстин, башкы прокурордун орун басары Род Розенстайндын көрсөтмөлөрү угулганы жатат.
Ал эми эртең Конгрессте кызматтан алынышынын жагдайлары боюнча ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми көрсөтмө берери күтүлүүдө.
Коми өткөн айда кызматтан бошотулгандан кийиин америкалык медиада президент Трамп ага Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишкени боюна иликтөөлөрдү токтотуусу үчүн басым жасаганын ишара кылган маалыматтар чыккан эле.
Президент Трамп өзү мындай ырастоолорду четке каккан.
Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн АКШда өткөн айда атайын прокурор да дайындалган. (UE)