Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:03

Бүгүн Бишкек шаардык соту бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деп айыпталып соттолгон оппозиция өкүлдөрүнүн доо арызын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев билдирди.

"Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү 17-апрелде чыккан. Ишти караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу камаган.

Соттолгон оппозициячылар Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановдун жакындары менен адвокаттар Биринчи Май райондук соту катаал өкүм чыгарганын белгилеп, анын үстүнөн жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Асанов менен Кадыров былтыр 24-мартта “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган. Андан кийин ушундай эле кине менен эксперт Эрнест Карыбеков, ага насаатчы болгон деп коомдук ишмер Дастан Сарыгулов камакка алынган болчу. Саясатчыларды камакка алууга алар бийликти басып алууну уюштурган деген негизде жазылып алынган үндөрдүн жарыяланышы негиз болгон. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG