Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Мэриянын иши парламентте сынга алынды


Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкек шаарындагы дарактардын кыйылуусуна, жашылдандырууга олуттуу көңүл бурулбай жатканына тынчсыздануусун билдиришти. 15-июндагы жыйында бул маселени спикердин орун басары Алтынай Өмүрбекова көтөрүп, мэриянын азыркы аракети менен шаардагы унаа тыгынын чечүү мүмкүн эместигин белгиледи:

- Эсиңиздерде болсо, жапондордун JIСA компаниясынын жакшы изилдөөсү чыккан. Жолду кеңейтүү менен бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Жолдордун байланышын бир калыпка салып, унаа токтотуучу жайларды куруп, коомдук транспорт маселесин чечүү менен көйгөйдү азайтса болору айтылган ал изилдөөдө,- деген эл өкүлү коомчулуктун нааразылыгын эске алып, парламент бул жаатта өзүнчө жыйынга чогулушу керектигин айтты.

Бул темага депутат Мурадыл Мадаминов да токтолуп, соңку жыйырма жылда Бишкек мэриясы жашылдандыруу боюнча алгылыктуу программа иштеп чыкпаганын сындады. Ошондой эле дарактарга кам көрүү унутта калганын, курт-кумурска жеп жатканын кошумчалады.

Мэрия жолдорду кеңейтүү максатында соңку кездери дарактарды кыюуну баштаган. Бул абал коомчулукта нааразылык жаратып, айрым активисттер каршылык акцияларын уюштуруп келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG