Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Бишкек тургундары бак-дарактарды коргоп чыкты


Сүрөт Юлия Барабинанын Фейсбуктагы барагынан алынды
Сүрөт Юлия Барабинанын Фейсбуктагы барагынан алынды

Бишкекте шаар бийлиги Алиаскар Токтоналиев атындагы көчөнүн жээгиндеги 140тан ашуун бак-даракты кыя баштады. Буга жергиликтүү тургундар, активисттер нааразылык билдиришүүдө.

Бак кыюуга каршылык көрсөткөндөрдүн арасынан он адамды милиция кармап кетти. Шаардыктар бак-дарактардын кыйылышы экологияга олуттуу зыян алып келерин айтса, бийлик жол тыгынын азайтып, көчөлөрдү кеңейтүү үчүн ушул кадамга бардык деп ынандырып жатат. Экологдор болсо калаа бийлигин табиятты коргоо планы жок деп сынга алышты.

"Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Токтоналиев көчөсүнүн боюндагы бак-дарактарды кыя баштаганда бул аймактын жашоочулары жана айрым жарандык активисттер катуу каршылык көрсөттү. Бир катар акциянын катышуучулары көчөгө балдарын жетелей чыгышты. Буга чейин мэрияга бактарды кыюуну токтотуу талабын айтып келген жарандар алардын пикирлери эске алынбай, көз жаздымда калганына ызаланып жатышты:

- Жөн жерден келип эле кесе башташты. Эч кимге алдын ала айткан жок. Машинелерди эвакуаторго жүктөп салышты. Канча жылдан бери өсүп турган жакшынакай дарактарды кыйып жатышат. Эл дарактарга тийбөөнү талап кылып жатат, - деди жергиликтүү тургун Асан Ташиев.

Бактар кесилип жаткан маалда анда байырлаган канаттуулардын уялары бузулуп, ичиндеги балапандардын жерге түшүп, өлүп жатканы жергиликтүүлөрдүн зээнин кейитти.

Бишкектин кыйылган дарагына эл капа
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Ушул райондо жашаган жарандык активист Алишер Ташматов шаар бийлиги жолду кеңейтүү максаты менен гана алек болуп, ошол эле учурда эң маанилүү болгон элдин ден соолугу, экология, жашылдандыруу маселесин көңүл сыртында калтырды деп нааразы:

- Мына азыр бактарды кыйып жатат, андагы уялардан балапандар күбүлүп түшүүдө. Жерде өлүп жатат. Алардын уясы үчүн ким жооп берет. Кана биздин экологдор? Эмнеге алар келип, жаратылышты коргобойт? Бизге мэриядан бактарды кыюу туурасындагы акт дагы бекитиле электигин айтышкан. Биз соо бактар эле кыйылганын көрүп жатабыз. Шаарда ансыз да дем алуу кыйындап баратат, эми бактарды жок кылышууда. Мен балапандарды депутаттарга тапшырайын деп жатам, аларды кантип коргоону ойлонушсун.

Мэрия болсо өз кезегинде шаарда чириген гана бак-дарактар кесилип жатканын айтып, ичи көңдөй болуп калган дарактар шаардыктардын коопсуздугуна коркунуч жаратат деген жүйө келтирүүдө.

Бишкек мэринин орун басары Бакыт Дүйшөмбиев шаардагы жол тыгынды жоюу үчүн Токтоналиев көчөсүн Байтик Баатыр менен Манас проспектисине барабар болгондой автотрасса кылуу зарылчылыгы бар экенин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Шаардын түндүгү менен түштүгүн байланыштыра турган, Токтоналиев көчөсү Түштүк магистрал менен төмөн карай Медеров көчөсүнөн Горькийге жетип, андан Кулатов көчөсүнө бириге турган болсо тыгынды азайтууга мүмкүн болот. Бул шаар үчүн, шаар тургундары үчүн зарыл көчө болуп атат. Анын туурасы 15 метр болуп төрт катар транспорт жүрүүгө мүмкүн болот.

Мэрия кыйылган дарактардын ордун кайра 200дөн ашуун көчөт менен толтурабыз деп убада берип жатат. Бул үчүн бюджеттен 51 миллион сом каралганы маалым болду.

Анткен менен мындай убаданын ишке ашарынан күмөн санагандар да жок эмес. Эколог жана шаардык кеңештин депутаты Эмил Шүкүров башкалаа бийлигин жаратылышты коргоо планы жок деп сындап, картайды деген шылтоо менен башка дарактар кошо кыйылып жатканын белгиледи:

- Шаар бийлиги калаадагы абалды жакшыртуу үчүн болгон аракетин көрүшү керек. Бирок дайыма абалды начарлаткан аракеттер болууда. Мисалы, ар кандай шылтоо менен жашыл бактар кесилип атат. Буга чейин комиссия жок эле жогоркудай жүйө менен жакшынакай бактар кыйылганы аныкталган.

Эртең менен бак кыйыла баштаганына каршылык билдирип, жолго чыккан жарандардын арасынан милиция он кишини кармап кеткен. Тартип коргоо органдары жашыл шаардын таламын талашкандарды коомдук тартипти бузду деп эсептесе, жергиликтүү тургундар конституциялык укуктары сакталбай жатканын айтып чыгышты.

Көчөлөрдү кеңейтүү аракети

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Өзбековдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, акциянын катышуучулары дарактар кыйылган аймактардан алыс туруу боюнча эскертүүгө баш ийбегени үчүн кармалды:

- Административдик эреже бузганы, милиция кызматкерлеринин айткандарына көңүл бурбаганы, жол тосуп, жолго отуруп алганы үчүн кармадык. Жолду бошотуу тууралуу үч-төрт жолку эскертүүгө баш ийишкен жок.

Нааразы тарап менен мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары келип жолугуп, иштин чоо-жайын байкаган соң, кармалгандар кечке чейин бошотуларын маалымдашты. Бийлик өкүлдөрү бул аракеттердин баары баш калаадагы жол тыгын көйгөйүн чечүү үчүн көчөлөрдү кеңейтүү максатында жасалып жатканын элге түшүндүрүү аракетин көрүүдө. Алардын эсеби боюнча, Токтоналиев көчөсүндө жалпы 143 дарак кыйылат.

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов аталган көчө чоң автотрассага айланат деп билдирди.

- Дарактар кыйыла турганын ноябрда эле маалымдаганбыз. Тургундардын пикирин эске алып айрым дарактарга тийген жокпуз. Бирок бардык талаптарын аткара албадык. Мисалы, айрым дарактарга 60-70 жыл болгон, ордуна жаңысы тигилет. Бул бир кварталдын эмес, жалпы шаарга ылайыктуу көчө болушу керек.

Шаардыктар кыйылган бактарга "аза күтүштү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Буга чейин жолду кеңейтүү үчүн бак-дарактарды кыюу аракетине Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун тургундары да нааразылык билдиришкен. Аталган райондо жалпы 800 түп дарак кесиле турган болууда. Шаардыктар жана активисттер бак кыюуга каршы чыкканына карабай, Бишкек мэриясы кандай болбосун жолдор кеңейтилерин айтып жатат.

Борбордо соңку кезде чет жактан келген автоунаалардын саны кескин көбөйүп, жол тыгыны башкы көйгөйлөрдүн бирине айланып баратат. Республикалык Жол кайгуул кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстанда автоунаалардын саны миллиондон ашат. Бишкектин өзүндө эле 400 миңдей машине катталган. Эколог-активисттер шаар бийлигин жол тыгындарын азайтабыз деп бактарды жол кылуу ордуна маселени өлкөгө кирген автоунаалардын санын чектөө жолу менен чечүүнү сунуштап жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG