Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:17

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов өкмөткө кайрылып, өлкөдөгү жаңгак токойлорун сактоо жаатында алгылыктуу иштерди жасоону суранды. Бүгүнкү жалпы жыйында бул маселени көтөрүп, жаңгактарды сактоо, экологиянын абалын турукташтыруу боюнча план иштеп чыгууну сунуштады.

Кыргызстанда жаңгак токойлору Жалал-Абад жана Ош облустарында бар. Эң ири токой Арстанбап аймагында жайгашкан. Экологдор акыркы жылдары токой кыйылып, жаңгактардын саны азайып баратканына тынчсызданып келишет.

XS
SM
MD
LG