Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын соту бүгүн уланат. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти. Бишкектин Ленин райондук сотунда Салянованын иши боюнча соңку жараян 16-июнда өткөн.
Депутаттын адвокаты чечимдерди чукул кабыл алып, калыстыкты сактабай жатат деген негизде ишти карап жаткан судья Кубанычбек Касымбековго ишеним көрсөтпөөнү өтүнгөн. Бирок судья мыйзамда мындай шек саноо сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз бере албасын айтып, адвокаттын өтүнүчүн четке каккан.
Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Анын баш коргоо чарасы өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат менен аныкталган. Салянова өзүнө тагылган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.
Алгач ишти кароо Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, кийин соттолуучу тараптын өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна которулган. (NT)