Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Ананьеводогу жарылуудан набыт болгондордун жакындарына жардам берилет


Президент Алмазбек Атамбаев Ананьево айылындагы газ куюучу станциядагы жарылуудан улам каза тапкандардын туугандарына көңүл айтты жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

Мурдараак премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык газ куюучу бекеттердин техникалык абалын текшерип, тиешелүү талаптарга жооп бербегендерин жабууну буйруган.

19-июнда саат 17:10 чамасында Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ куюучу бекетте жарылуу болуп, эки киши набыт болгон. Сегиз киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Бирөөнүн абалы оор деп айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG