Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:15

Кытай менен Орусия Балтика деңизинде машыгуу өткөрөт


Орусиянын аскерий кемеси Кытайга барган учур. 12-сентябрь, 2016-жыл.

Кытай менен Орусиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн биргелешкен эки машыгуусунун алгачкысы Балтика деңизинде ушул дем алыш күндөрү болду, экинчиси келерки айга белгиленүүдө.

Кытайдын мамлекеттик медиасынын кабарларына караганда, алардын үч кемеси Орусиянын кемелерине 18-июнда Санкт-Петербург менен Калининграддын жанынан кошулду.

Ал эми июль айына мерчемделген машыгууга Кытайдын деңиз аскерлери, кемеден учуп-конуучу тик учактар да тартылат.

Кытай менен Орусиянын бул биргелешкен аскерий машыгуусу АКШ президенти Дональд Трамптын НАТОго мүчө Польшага сапарына тушташ болот.

Трамп Польшага Чоң жыйырманын 5-6-июлда Германияда өтүүчү саммити алдында келет. Өзү Орусия менен Кытайдын деңиздеги биргелешкен машыгуулары утур - утур өтүп турат.

Дагы бир машыгуу сентябрь айына Жапон жана Охот деңиздерине белгиленген.

Буга чейинки машыгуулардын айрымдары саясий жактан сезимтал аймактарда, анын ичинде Түштүк Кытай деңизинде да болгон. Аталган деңиздин бөлүктөрүн Кытайдан Бруней, Малазия, Филиппин, Вьетнам талашып келе жатат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG