Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Орусия БШКсы: Навальный шайлоого катыша албайт


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Оппозициячы Алексей Навальный президенттик шайлоого катыша албасын Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Комиссиянын 23-июндагы билдирүүсүндө «Навальныйда шайланууга мүмкүнчүлүк берген укук жок» деп айтылат.

Орусиянын Киров шаардык соту 8-февралда Навальныйды "Кировлес" компаниясынан акча уурдаган деп таап, беш жылга шарттуу кескен.

Ушундай эле өкүм алгач 2013-жылы да чыккандан кийин Навальный жана аны менен соттолуп жаткан өнөктөшү Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, ал жерде айыпкерлердин адилет сотко болгон укугу бузулган деген чечим чыгарылган эле. Мына ушундан кийин Орусия соту ишти кайра кароого аргасыз болгон.

Оппозициячы күнөөсүз экенин жана өзүнө каршы сот иштеринин саясий жүйөсү бардыгын айып келет. Ал 12-июнда митинг өткөрүү эрежелерин бузган деп айыпталып, 30 суткага камакка алынган. Ал учурда Москвадагы абактардын биринде.

Навальный бул күнү Орусия боюнча экинчи ирет антиөкмөттүк жана антикоррупциялык митингдерди уюштурган болчу. Ал 2018-жылы Орусияда өтүүчү президенттик шайлоого катышарын билдирип чыккан.

XS
SM
MD
LG