Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Президент Атамбаевдин Орусияга сапары соңуна чыгууда


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. 20-июнь, Москва.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. 20-июнь, Москва.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жасаган мамлекеттик сапары аяктап жатат. 19-24-июнь күндөрү өлкө башчы Москвада, Башкырстан жана Татарстан Республикаларында болду.

Москвада президент Владимир Путин баштаган аткаминерлер менен жолугушуулар болду. Орус бийлиги Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечкени расмий кабарланды. Андан тышкары, Кыргызстандын маданият күндөрү уюштурулду. Атамбаев мигранттардын өкүлдөрү жана кыргыз диаспора мүчөлөрү менен жолугушту.

Алмазбек Атамбаев Орусияда жүргөн кезде Москва Сириядагы калабаны жөнгө салууга Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин да тартат деген маалыматтар чыкты. Бул тууралуу Орусиянын Мамдумасынын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов жалпыга маалымдоо каражаттарына айтып, сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген. Бирок кыргыз бийликтери муну четке кагууда. (SE)

XS
SM
MD
LG