Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда. Сотто мамлекеттик айыптоо тараптын башкы күбөлөрүнүн бири, орусиялык ишкер деген Алексей Модин көрсөтмө берди.
Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев Алексей Модинден Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаев менен "Альфа Телекомдун жетекчилигинин ортосунда акча боюнча сүйлөшүү болгонбу деп сурады.
Модин "сүйлөшүү болгон эместигин, 300 миң долларды Талант Маматкеримовго бергенин, желим баштыкка оролгон ал акчаны санабаганын, ортомчулук милдетти аткарганын" белгиледи. Анын айтымында, "Альфа Телеком" компаниясынан үлүш алууга кызыкдар болгон Леонид Маевский Текебаев менен Чотоновго Талант Маматкеримов аттуу ортомчу аркылуу 1 миллион доллар бермей болгонун билдирген. Ал эми жогоруда айтылган 300 миң доллар алдын ала аванс катары берилери белгилүү болгонун айткан Модин Маматкеримовдон кийин ал акчанын кимге берилгенинен кабарсыздыгын кошумчалады. Анын белгилешинче, көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов Чотоновдун тууганы болгон. Бирок айыпталуучу Чотонов маркум менен тууганчылык жайы жоктугун, экөө айылдаш болгонун билдирди.
Кечээ Текебаев жана Чотоновдун адвокаттары башкы күбө деген орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинди жоопко тартуу өтүнүчүн келтиришкен. Эгер Маевский менен Модин пара бергенин моюнуна алып жатса аларды да жоопко тартуу керектигин сурап, бирок сот аны четке какты.
Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш иш козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Бул ишке катышы бар деп мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, Текебаев экөө төрт ай мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Июндун башында УКМК Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Шералы Абдылдаевге издөө жарыялаган. Бүгүн жараянды Алексей Модин көрсөтмө берип бүттү.
Сот саат 14.00гө чейин тыныгуу жарыялады. (NT/BkA)