Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:06

WADA Орусиянын Допингге каршы агенттигине иштөөгө уруксат берди


Орусиянын Допинге каршы агенттигинин Москвадагы кеңсеси

27-июнда Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) Орусиядагы агенттиктин (RUSADA) милдеттерин жарым-жартылай калыбына келтирди. Анын иши 2015-жылы токтотулуп, кызматкерлери спортчуларга кызытма колдонууга жардам берген деп айыпталган. Эми алар кайрадан спортчуларды текшерүүгө укук алды,

Дүйнөлүк агенттик менен бир катар сүйлөшүүлөр жүрүп, Орусиядагы мекемеде кадрдык кескин өзгөрүүлөр жасалгандан кийин орусиялык адистер британиялык агенттиктин көзөмөлү алдында спортчуларды текшере баштайт.

Орусиянын Допингге каршы агенттиги кайсы спортчуну текшерүүнү өзү чечет. Алынган анализдер чет жактагы лабораторияларга жиберилүүгө тийиш. Орусияда кызытма текшерген жалгыз лабораториянын иши токтоп турат.

XS
SM
MD
LG