Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

Текебаев Маевскийдин айткандарын четке кагууда


Леонид Маевский
Леонид Маевский

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүшөнкул Чотоновдун иши боюнча негизги күбө катары суралып жаткан Леонид Маевский бүгүнкү соттук отурумда өзүнүн жакшы таанышы Алексей Модин аркылуу Кыргызстанга келип, аты аталган саясатчылар менен таанышканын, акча тууралуу Бишкектин четиндеги чыгыш ресторандарынын биринде сүйлөшүлгөнүн, Текебаев, Чотонов менен телефондон сүйлөшүп турганын билдирди. Ошондой эле 300 миң долларды өзүнүн тапшырмасы менен Модин берип келгенин, Текебаев аны коркутканын жана алдап кеткенин айтты.

Текебаев бул дооматтарды четке кагып, 2010-жылы "Мегакомдун" акцияларын эч ким сатпаганын билдирди.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланып жатат.

Анда айыпталуучулардын адвокаттары Маевскийди күбө катары гана суроолорго жооп берип, үнүн өктөм чыгарбасын деп нааразылыгын билдиришти. Соттук жараянда эки тарап кайым айтышып, сот Маевскийге эскертүү берди.

Кечээ Текебаевге каршы арыз жазды деген орусиялык ишкер Алексей Модин, “Нур Телеком” ишканасынын мурдагы юристи Руслан Оңолбеков жана парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов күбө катары көрсөтмө беришкен.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG