Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Атырауда "Таблиги жамааттын" алты өкүлү абакка кесилди


Атыраунун соту
Атыраунун соту

Казакстандын Атырау шаарынын соту "Таблиги жамаат" диний уюмуна байланышы бар делген алты адамды 2 жылдан 3 жылга чейин абакка кести. Судья айыпталуучуларды Мангыстау жана Атырау облустарында Казакстанда тыюу салынган уюмдун идеяларын жайылткан деп тапты. Соттун материалдарында белгиленгендей, соттолуучулар Индия, Пакистан жана Бангладештен окуп келишкен.

"Уюмдун эң активдүү мүчөсү үч жылга, калган бешөө эки жылга эркинен ажыратылды",-деп билдирди Атырау шаардык сотунун басма сөз кызматы. Расмий маалыматта соттолуучулардын аты-жөнү жана жарандыгы ачык айтылган жок.

2013-жылы Казакстан "Таблиги жамаатты" экстремисттик уюм деп тааныган.

XS
SM
MD
LG