Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

“Билайн” жана “Мегаком” операторлоруна 58 млн сом айып салынды


“Скай Мобайл” жана “Альфа Телеком” ишканаларына монополияга каршы мыйзамдарды бузганы үчүн айып салынды.

Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин маалыматына караганда, мобилдик байланыш операторлору түйүндөр аралык байланыш үчүн кызматтын баасын мурдагы келишимдерге караганда 50% көтөрүп койгон. Аталган мекеме “Атаандаштык жөнүндө” мыйзам буга тыюу сала турганын белгилеп жатат. Ошондой эле мындай көрүнүштөр жаңы ишканалардын рынокко киришине бут тосуп, атаандашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп эсептейт. 9-июндагы административдик иштин натыйжасында эки компанияга 58 млн сом айып салынды. Мындай айып Кыргызстандын аймагында алгачкы жолу салынып жатат.

“Скай Мобайл” жана “Альфа Телеком” Кыргызстанда “Билайн” жана “Мегаком” катары белгилүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG