Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

БШК Турсунбай Бакир уулунун өкүлүн каттаган жок


БШК президенттикке талапкерлигин коюу тууралуу арыз жазган парламенттин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттаган жок.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Бакир уулунун өкүлү мамлекеттик мекемеде иштегендиктен, маселе такталып жатат:

- Турсунбай Бакир уулу өзү арыз берген, аны кабыл алганбыз. Каржы маселелери боюнча анын ыйгарым укуктуу өкүлүн азырынча каттаган жокпуз. Анткени, ал мамлекеттик ишканада иштейт экен. Ыйгарым укуктуу өкүл болушу үчүн мамлекеттик кызмат адамы болбошу керек. Ошого азыр реестр боюнча анын ыйгарым укуктуу өкүл макамына шайкеш келиши тууралуу маселе такталып жатат. Биз тиешелүү мамлекеттик органга өтүнүч жибердик. Анын кайсы статуста экенин билип, андан кийин каттоо боюнча маселе кайра каралат.

Ушу тапта 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөн он бир адам БШКга арыз берген. Экөө саясий партиялардан, тогузу өзүн өзү сунуштоо жолу менен көрсөтүлгөн. Алар - эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, экс-акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов. Булардын ичинен Төрөбаев менен Сариевден башкасы өзүн өзү көрсөтүшкөн. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. (NT)

XS
SM
MD
LG