Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Талас: Беш-Таш суусу агызып кеткен эки журналисттин сөөгү жерге берилди


Таластагы Беш-Таш суусуна агып мерт кеткен журналисттердин сөөгү жерге берилди.

Элмира Сүйүтбекованы акыркы сапарга узатуу бүгүн Талас шаарында болду, ал эми Сүйүн Өмүрбеков өзү туулуп өскөн Бакай-Ата районунда 2-июлда жерге берилди.

Таластагы "3-каналдын" аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбеков менен журналист Элмира Сүйүтбекова 1-июлда Беш-Таш суусуна агып кетип каза болушкан. Аталган каналдын кызматкерлери ишембиде "Беш-Таш" коругуна эс алууга барышкан.

Кесиптештеринин билдиришинче, кечки саат 20:00 чамасында Элмира Сүйүтбекова сууга бетин жууганы барганда буту тайып, түшүп кеткен. Сүйүн Өмүрбеков аны куткарууга аракет жасап, артынан сууга түшкөн. Бирок экөө тең агып кетип, кесиптештери 200 метрдей аралыктан кийин чыгарышкан. Экөө тең ооруканага жетпей каза табышкан.

38 жаштагы Элмира Сүйүтбекова КТРКнын Таластагы кабарчысы болуп беш жылдан ашык убакыт иштеген. Быйыл июнь айынан тарта жаңы ачылган жергиликтүү 3-каналда эмгектенип жаткан. Ал шаардык кеңешке быйыл өткөн шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайланган болчу. Артында төрт баласы калды.

34 жаштагы Сүйүн Өмүрбеков телеканалдын аткаруучу директору кызматында иштеп жаткан. Маркумдун артында үч баласы жана боюнда бар аялы калды. (AlS)

XS
SM
MD
LG