Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:43

Кыргызстанда "Ата, коопсуздук курун тагын!" деп аталган акция башталууда. Аны уюштурган KeyDriver компаниясынан билдиришкендей, иш-чара айдоочулардын көңүлүн жол кырсыктарынын көбөйүшүнө буруу, аларды азайтуу аракеттерин элге жеткирүү максатын көздөйт.

Уюштуруучулар жол кырсыктары өзгөчө жай мезгилинде көбөйө турганын, бирок коопсуздук курларын колдонууга көбү көңүл бурбай жатканын айтышууда. Кур курчануу жол кырсыктарын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуда натыйжалуу каражат экенин, статистика боюнча аварияга кабылган учурда аны тагынып жүргөн 100 учурдун 75инде өлүмгө алып келген жаракаттар болбогонун эскертишет. Акция маалында социалдык роликтер тартылып, айдоочуларды коопсуздук курун ар дайым пайдаланууга чакырган баракчалар таркатылат. ​

Расмий маалыматтарга караганда, 2016-жылы Кыргызстанда 6 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 900дөн ашуун адам каза тапкан. Тогуз миңге жакыны ар кандай деңгээлде жаракат алган. Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Күнүнө орто эсеп менен автокырсыктардан үч адамдын өмүрү кыйылат.

XS
SM
MD
LG