Польшанын коргоо министри Антони Мацеревичтин айтымында, Кошмо Штаттар Варшавага "Патриот" коргонуу системасын сатууга макул болду. Мацеревич тиешелүү макулдашууга АКШ президенти Дональд Трамптын Польшага келери менен кол коюлганын кошумчалады.
Трамп Варшавага Чыгыш жана Борбордук Европанын лидерлеринин саммитине катышуу үчүн 6-июлга караган түнү келди.
Министрдин айтымында, Польшанын чек арасынан алыс эмес жерде, Калининград облусунда жайгаштырылган "Искандер" ракетасын эске алганда, "Патриот" системасы өлкөнүн коргонуу тармагы үчүн абдан маанилүү.
Варшава март айында америкалык Raytheon компаниясы менен келишим түзүп, жыл аягында сегиз "Патриот" ракета системасын сатып алуу үчүн 7,6 миллиард долларлык келишимге кол коюуну боолгоп жатканын маалымдаган.
"Патриот" ракета системасы добуштун ылдамдыгынан үч-беш эсе тез учкан башка ракеталарды аныктоого жана жок кылууга багытталган. "Патриоттун" жаңыланган варианттары канаттуу ракеталарды да жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.