Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Конституциялык палата Садыр Жапаров боюнча арызды кароодон баш тартты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Конституциялык палата адвокаттардын берген арызын кароосуз калтыруу чечимин 5-июлда кабыл алган.

Буга чейин Жапаровдун адвокаттары ишти карап жаткан судья Эмил Кайыпов укук бузууларга жол берип жатат деген негизде Жогорку Соттун Конституциялык палатасына арыз менен кайрылышкан.

30-июндагы жараянда актоочу тарап сотко ишенбестик көрсөтүп, судья ал өтүнүчтү четке каккан. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Садыр Жапаров жана анын тарапташтарынын ишин кароону улантат. Садыр Жапаровдун ишин судья Эмил Кайыпов, ал эми анын тарапташтары боюнча ишти судья Марат Сыдыков териштирип жатат.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдөгү Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыр №1 тергөө абагында камакта. Ал кыргыз-казак чек арасынан кармалган күнү УКМК алдында нааразылык акциясына чыккан жүздөй киши кармалган. Алардын ичинен 12 адам эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганы бар.(NT)

XS
SM
MD
LG