Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн биринчи вице-премьер Мухамедкалый Абулгазиевди кабыл алып, Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы табигый кырсыктын кесепетин жоюу иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, вице-премьер табигый кырсык катталган аймактарда мектеп жана ооруканаларды, жапа чеккендерге жаңы үйлөрдү куруу үчүн тилкелерди бөлүп берүү боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
Абулгазиевдин маалыматында, аталган аймактарга электр энергиясын жеткирүү, жол жана социалдык объекттер курулуп жатат.
Президент өкмөттү кырсыктын кесепетин жоюу боюнча иштерди шайма-шай жүргүзүү жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасын берди.
Быйыл жазында жаанчыл аба ырайынан улам Жалал-Абаддын Сузак, Оштун Өзгөн райондорунда жер көчкү жана сел жүргөн. Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында жети үй жана 24 адам топурак алдында калган. Ал эми 3-5-майда Чоң-Алай районунда күчү очогунда 5-7 баллга чейин жеткен жер титирөө болуп, андан 500дөн ашуун үй-бүлө жабыркаган, ондогон турак жайлардан, социалдык объекттерден жарака кеткен.(BkA)