Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Москвадагы авиакырсыкка күнөөлөнгөндөргө мунапыс жарыяланды


Москванын Солнцев соту "Внуково" аэропортундагы төрт адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча соттолгон эки адамга мунапыс жарыялады. 2014-жылы болгон авиакырсыктан франциялык ири ишкер Кристоф де Маржери баш болгон төрт адам каза тапкан. Анда Фалкон үлгүсүндөгү учак аэропорттун учуу тилкесинде кар күрөгөн унаа менен кагышып, кырсыкка учураган.

Бул кырсыкка күнөөлүү деп табылган кар күрөгөн автоунаанын айдоочусу Владимир Мартыненко жана аэропорттун инженердик бөлүмүнүн башчысы Владимир Леденов төрт жылга эркинен ажыратылган.

Москванын соту Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган мунапыстын негизинде абактан бошотту.

Алардан башка аэропорттун үч кызматкеринин үстүнөн кылмыш иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

2014-жылы Москвадагы "Внуково" аэропортунда учууга даярданып жаткан учак кар тазалоочу машинаны сүзүп алганы кабарланган. Бул кырсыкта франциялык ири Total мунай компаниясынын президенти Кристоф де Маржери жана учактын үч экипажы каза болгон. Орусиянын Тергөө комитети кар тазалоочу унаанын айдоочусу мас абалында болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG