Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:55

Казакстанда фармация тармагындагы жетекчилер кармалды


иллюстрация
иллюстрация

Казакстанда саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер паракорлукка шектелип 3-июлда кармалганын өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу билдирди.

Маалыматка караганда, алар Саламаттык сактоо министрлигинин фармация комитетинин жетекчиси Лариса Пак, анын кол алдындагы бир кызматкер жана Павлодар, Түштүк Казакстан облустук фармация комитетинин жетекчилери.

Алар дары-дармек компанияларынан 30,5 миң доллар пара алышкан деп шектелүүдө. Дары ишканаларынын биринин директору да пара бергени үчүн кармалган деп кабарланат.

XS
SM
MD
LG