Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн сот жараяны уланды. Бүгүнкү жараянда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов көрсөтмө берди. Өз көрсөтмөсүндө Шыкмаматов Текебаевдин орус ишкери Леонид Маевскийден пара алды деген маалымат жалган экенин билдирди.
Ошондой эле ал “Альфа Телеком” компаниясынын учурдагы жетекчиси Азат Базаркулов УКМКда Текебаевге каршы жалган көрсөтмө бергенин айтып чыкты. Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бул тууралуу Базаркулов УКМКдан сурактан чыккандан кийин өзү айтып берген.
Базаркулов "Мага басым көрсөтүштү, Кудайдан корком" деп айтты деди Шыкмаматов.
Ошондой эле арыз жазгандардын бири Алексей Модин көрсөткөн өкмөт үйүндөгү кабинет Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсү эмес экенин кошумчалады.
Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге маркум Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 миллион доллар берилген деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин негизинде Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов камакка алынган.
Айыпталуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атаса, Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин белгилеп келет.(BkA)