Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Трамптын уулу атасына орус адвокаты менен жолукканын айткан эмес


АКШ президентинин уулу, кенже Доналд Трамп.
АКШ президентинин уулу, кенже Доналд Трамп.

АКШ президентинин уулу, кенже Дональд Трамп анын 2016-жылдагы орус адвокаты менен болгон жолугушуусу атасынын президенттик кампаниясына эч кандай пайда алып келбегенин жана ал бул тууралуу атасына эч качан айтпаганын билдирди.

11-июлдун кечинде Fox News телеканалына курган маегинде президент Трамптын уулу адвокат Наталья Веселницкаядан тышкары "ал балким Орусиядагы башка адамдар менен жолугушу мүмкүндүгүн" айтты. Бирок ал атасынын атаандашы Хиллари Клинтонго зыян келтирүү же шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү максаты болбогонуна ишендирүүдө.

New York Times гезити шайлоо өнөктүгүнүн алдында кенже Дональд Трамп Хиллари Клинтонго байланыштуу маалыматтарды сунуштаган орусиялык адвокат Наталья Веселницкая менен жолугушканын жазып чыккан.

Cенатор-демократ Рон Виден Трамптын уулу өзү 11-июлда жарыялаган электрондук кат алышуулар кенже Дональд Трамптын "Америкадагы демократияга доо кетирүү үчүн душмандашкан башка мамлекет менен сүлөшүүгө аракет кылганын көрсөттү" деген пикирде. Трамп бул айыптоолорду "күлкүлүү" деп атады.

Трамптын уулу атасына Веселницкая менен жолугушуусу тууралуу эч нерсе айтпаганын, анткени айта турган эч нерсе болбогун билдирди.

"Болгону 20 мүнөт кеткен. Артка кылчайсам, балким мен буга бармак эмесмин"-деп айтты кенже Дональд Трамп.

XS
SM
MD
LG