Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:33

НАТО-Орусия кеңеши Балтика деңизиндеги учууларга көңүл бурат


АКШ- Орусия учактары Балтика деңизинде жакындашкан учур. 19-июнь, 2017-жыл.
АКШ- Орусия учактары Балтика деңизинде жакындашкан учур. 19-июнь, 2017-жыл.

Бүгүнкү жыйында тараптар эки ортодогу чыңалууну басаңдатуу чараларына жана Балтика деңизи үстүнөн аскерий учактар бири-бирине абдан жакындашкан инциденттерге көңүл бурары күтүлүүдө.

НАТО өкүлдөрүнүн айтымында, алар жыйында Орусиянын учкучтары Балтика деңизи үстүнөн өткөндө учуу пландарын жөнөтүүсүн, диспетчерлерге жооп берүүсүн же өздөрүн идентификациялоосун талап кылышмакчы.

НАТОнун маалыматына караганда, өткөн айда эле Балтика деңизинде Орусиянын кеминде үч учагынын учкучтары диспетчерлерге жооп бербей, өздөрүн тааныштыруудан баш тартышкан. Орусия болсо Балтика деңизиндеги учууларынын баары эл аралык мыйзамдарга шайкеш деп ырастайт.

Москва өз тарабынан алардын учагы өткөн айда АКШнын өзөктүк бомба алып жүрүүгө жөндөмдүү В -52 учагынын жолун Балтика деңизи үстүндө тороду деп билдирген. Бул окуя Кансыз согуш доорундагы көрүнүштү эске салган эле.

НАТО-Орусия кеңеши эки тараптын мамилесиндеги чыңалуу курчуп кетпешин алдын алуучу аянтча катары саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG