Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:15

"Кыргызстан периси-2013" Жибек Нукеева оорудан каза тапты


Жибек Нукеева, 2013-жылдагы Кыргызстан периси

18 жашында Кыргызстандын атынан дүйнөлүк сулуулар сынагына катышкан, 2013-жылдагы “Кыргызстан периси” титулунун ээси Жибек Нукеева каза болгонун анын жакын санаалаштарынын бири Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жибек Нукеева рак илдетине чалдыкканы тууралуу кабар 2016-жылы коомчулукка тараган. Ал социалдык тармактар аркылуу элден жардам сурап да кайрылган.

Жибек шоу-бизнес өкүлдөрү, ишкерлер жана карапайым кыргызстандыктар кайрымдуулук жолу менен чогулткан каражатка Италия, Израил, Чехия жана Түркиянын клиникаларына барып дарыланып келген.

Анын артында бир баласы калды.

Нукеева 2013-жылы "Дүйнө периси" сынагынын да катышуучусу болгон. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG