Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Түркия 4 миңден ашык орус жаранын "кара тизмеге" киргизди


Түркиянын бийлиги "Ислам мамлекети" радикал тобуна байланышы бар деген жүйө менен 4 миңден ашуун орусиялыктарды "кара тизмеге" киргизди. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлигинин атайын баяндамасында айтылат.

Бул тизмеде 146 өлкөнүн 54 миңдей жараны бар. Алардын басымдуу бөлүгүн Сауд Арабия, Тунис жана Орусиянын атуулдары түзөт.

Түрк ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, расмий Анкара 2011-жылдан бери согушкерлер тобуна байланышы бар делген 17,5 миң чет өлкөлүктү текшерген. Алардын 5 миңге чукулу өлкөдөн чыгарылган. Депортация кылынгандардын 800ү орус жарандары болгон.

Расмий баяндамада айтылгандай, 2013-2017-жылдар аралыгында Түркияда болгон террорчул чабуулдардан баш аягы 300дөй адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG