Аталган мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев жыл башынан берки иштердин жыйынтыгы менен катар эле президенттик шайлоого камылганын жүрүшү жөнүндө айтып берет.
Кыргызстанда үч айдан кийин, 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Ушу тапта президенттик жарышка ат салышуу ниетин билдирген 30 адам БШКга арыз берген. Алардын 25и өзүн өзү көрсөтсө, калганын саясий партиялар сунуштаган.
Шайлоого даярданууга, өткөрүүгө Мамлекеттик каттоо кызматы жооптуу. Мурдагы төрага Тайырбек Сарпашев коррупцияга байланышкан ызы-чуудан улам иштен алынгандан кийин июнда Догоев бул кызматка дайындалган. (NT)