Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн расмий сайты ишке киришти


Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү talas.gov.kg деп аталган расмий сайт ачты. Бул тууралуу 19-июлдагы облустук коллегиянын жыйынында өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Замир Качканаков билдирди.

Маалым болгондой, сайтта облустун социалдык-экономикалык абалы, маданий жана спорттук жетишкендиктери, медицина тармагы боюнча маалыматтар орус жана кыргыз тилдеринде жарыяланып турат. Өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев белгилегендей, жарандар эми бул сайт аркылуу электрондук кат жолдоп маселелерин чечсе болот. Каттарга 14 күн ичинде документтик камсыздоо бөлүмү жооп берери айтылды. (AlS)

XS
SM
MD
LG