Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

"Сапаттын" окуучулары эл аралык олимпиадаларда байге алышты


"Сапат" билим берүү мекемесинин Бразилиядагы олимпиадага катышкан окуучулары.
"Сапат" билим берүү мекемесинин Бразилиядагы олимпиадага катышкан окуучулары.

Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинен билдиришкендей, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада эки окуучу коло медал алды, үчөө ардак грамота менен сыйланды. Математика боюнча олимпиада 17-19-июль күндөрү өттү. Анын жүрүшүндө катышуучуларга ар күнү үч маселе берилип, аларды чечүү үчүн беш саат убакыт коюлду.

16-24-июлда Индонезиянын Йогьякарта шаарында өткөн физика боюнча эл аралык олимпиадада да “Сапат” билим берүү мекемесинин эки окуучусу коло медалга ээ болушту, үчөө ардак грамота алышты.

Кыргызстанда түркиялык диний аалым Фетхулла Гүлендин жолдоочулары түзгөн деген окуу жайлардын бири “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси быйыл апрелде жергиликтүү билим берүү мекемеси болуп кайра катталып, аталышы "Сапат" болуп өзгөртүлгөн. Кыргызстан Билим берүү министрлиги да мекеменин башкаруу чөйрөсүнө киргизилген.

24-июлда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Түркиянын расмий бийлигинин таарынычы расмий Бишкек Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин билдирген. Аталган мекеме Кыргызстанда мыкты билим берип жатканын, андыктан ал жабылбай турганын, мамлекет анын 35 пайызын өзүнө алып, “Сапат” деп өзгөрткөнүн президент баса белгилеген.Президенттин айтымында, "Сапат" мекемесинде иштеген педагогдорду жалпы жонунан "гүленчи" деп айыптоого эч негиз жок.

Республика аймагындагы аталган билим берүү мекемесине караган лицейлердин окуучулары Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде өткөн олимпиадалардын дээрлик бардыгында алдыңкы орундарды алып келүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG