Президент Алмазбек Атамбаев 26-июлдан тартып эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирип, мамлекет башчынын эс алуусу канча убакытка созуларын так айткан жок.
Атамбаев акыркы жолу быйыл 5-6-январда Кытайга иш сапар менен барып, андан кийин кыска мөөнөттүү өргүү алган, 15-январда Бишкекке кайтып келген. Оппозиция ошол кезде "Атамбаев ашкере көп эс алып, эмгек өргүүлөрүнүн көбүн мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөрдө үй-бүлөсү менен өткөрөт" деп сындап чыккан. Президенттик аппарат мамлекет башчысы Эмгек кодексинде белгиленген эс алуу мөөнөтүнүн чегинен чыкпаганын, кеткен чыгымдарды өзүнүн эсебинен төлөп келгенин билдирген.
Президент 2016-жылы төрт жолу кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүн алган. (NT)