Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

"Кыргызстан" партиясынын бешинчи курултайы өтүп жатат


Канат Исаев.
Канат Исаев.

Аталган партиянын кезектеги бешинчи курултайы Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтүүдө. Ага республика боюнча жалпы 600дөн ашуун делегат чакырылып, анын 595и каттоодон өткөнү белгилүү болду.

Курултайда "Кыргызстан" партиясынын лидери, парламент депутаты Канат Исаев алдыдагы президенттик шайлоодо талапкер катары көрсөтүлөрү күтүлүп жатат. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Исаев мурдагы жана азыркы бийликтин иш-аракетин сындап, Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу чаралары көрүлбөй жатканын, мамлекеттик саясатта бир топ алешемдиктер бар экенин айтты. Кыргызстандын өндүрүшүн, ата мекендик ишкерлерди колдоо зарылдыгын билдирди. Президенттикке талапкерлерди биригүүгө, ынтымакка келип элди бөлүп-жарбоого чакырды.

Жыйында мурдагы маданият министри Султан Раевге, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабановго да сөз берилди. Спикер Чыныбай Турсунбеков да келгени маалымдалды.

Быйыл 11-майда УКМК Канат Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулушун өзүнө караштуу ишканага берген деген айыптын негизинде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) алкагында иш козгогон. Ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына алынган.

Майдын этегинде атайын кызмат Исаевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин калыбына келтирилгенине байланыштуу Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде дагы бир факт боюнча экинчи айып койгон. Бул эпизод боюнча кылмыш иши Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кетип, Башкы прокуратура менен УКМК тарабынан калыбына келтирилгени айтылган. Исаев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген.

30-июнда Канат Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган.

Канатбек Исаев 2008-2010-жылдары Чүй облусуна караган Токмок шаарынын мэри кызматын аркалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG